05.07.2018 11:42

«Балыкчы – Корумду» унаа жолун оңдоодо 16 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды

«Балыкчы – Корумду» унаа жолун оңдоодо  16 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды

«Балыкчы – Тамчы – Чолпон – Ата – Корумду» автожолун куруу ишинде консультациялык кызмат алуу үчүн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган схема аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Мындан улам, Башкы прокуратура алдамчылык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген сатып алууларды жүргүзүү фактылары боюнча 166, 304, 306-беренелери менен кылмыш ишин козгоду. 

2015-жылдын 17-декабрында Департамент жана «К.» консалтингдик компания менен аталган жол тилкесин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө консультациялык кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүлгөн. Бирок,  келишим Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" тууралуу мыйзамынын талаптарын  бузуу менен өтө жогорулатылган баада - 16 млн 284 миң сомго түзүлгөн.

Мунун кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.